11-«А»классынын окуучусу Кусанов Баястан жана 9-«З»классынын окуучусу Сыртбаев Калмырза

2022-жылдын 18-октябрь күнү А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын 11-«А»классынын окуучусу Кусанов Баястан жана 9-«З»классынын окуучусу Сыртбаев Калмырза мектеп жетекчиси Рыспаева Чолпон Курманбековна тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле жаңы окуу жылынын 11-15 октябрь күндөрү жогорудагы окуучулар “Алтын түйүн” тарабынан Ош шаарына барып “Креативдүү технологиялардын караваны” Эл аралык фестивалына активдүү катышып келишкен. Мындан тышкары мектеп жетекчилиги баса белгилеп,төмөндөгүлөргө токтолду: мектептин окуучулары терең билим алып, билимдерин жогорулатуу, коомдук иштерге активдүү катышуу, бүтүрүүчү класстар алдыңкы тестирлөөдөн жогору баа алуу ж.б. ийгиликтерге жетишсе,сөзсүз түрдө мектеп жетекчилиги тарабынан дайыма колдоо болуп тураарын баса белгиледи.