Биз жөнүндө

Мектептин имараты 1988-жылы пайдаланууга берилген. Долбоордук сыйымдуулугу 1240 окуучуга эсептелинген. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. 1999-жылы 10-ноябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин буйругу менен №8/1-17 Гимназия статусу берилген. 2009-жылы аттестациянын жыйынтыгы менен гимназия-окуу тарбия комплексинин статусу ыйгарылган. 2021-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлиги тарабынан “Бишкек шаарынын Ленин районунун №68 мектеп-гимназия” мекемеси статусуна ээ болгон.

№68 мектеп-гимназиясында 2022-2023 окуу жылында 71 класс комплектиде 2282  окуучу билим алып жатат. Окуу тарбия процесси 2 сменада жүргүзүлөт. Педагогикалык жамааттын саны-146 мугалим. Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими наамына ээ –  1 мугалим, Билим Берүү жана Илим Министрлигинин «Мыкты мугалим” төш белгисинин ээси болгон  22   мугалим эмгектенет. Коллективдин -36%  жаш адистер

Гимназияда гуманитардык багытта окутуу жүргүзүлүнөт.

Тереӊдетип окутуу – кыргыз тили,орус тили, англис тили, француз тили, кытай тили жана корей тилдери предметтери боюнча атайын программалар менен окутулат.

Кружоктор: предметтик (англис тили, кытай тили, химия, информатика, рухий мурас)

Спорттук (таэквондо, футбол, эркин күрөш, шахмат, волейбол)

Чыгармачылык (актердук чеберчилик, бий, вокал, бисер, сайма, чебер кыздар, драм кружок, комуз, дастан, темир ооз комуз, креативдүү ишмердүүлүк, манас таануу, техникалык долбоор, долбоордук изилдөөлөр).

№ 68- Мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин  кызматташтыгы:

  • Германия кызматташтыгы GIZ
  • Эл аралык “ MindfuiWay” коучинг, фасилитация жана ой жүгүрүү дизайн борбору
  • Устат шакирт
  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин алдындагы Кыргыз Кытай Конфуций институту
  • Салымбеков Университети
  • KOICA Корея мамлекетинин  билим борбору
  • Кыргыз-Манас  Университети
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамалекеттик Университети
  • Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университети
  • Т.Эраматов атындагы педагогикалык-музыкалык  колледж
  • Кесиптик  лицей № 5
  • Кесиптик лицей № 10
  • Кесиптик лицей №98

№68 мектеп-гимназиясынын дареги: Бишкек шаары,Токтогул көчөсү №220.