Усулдук кызматы

Усулдук кызматы

№68 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин  методикалык темасы “Окуучуларга билим тарбия берүүдө өнүгүүнүн мазмундуу деңгээлин камсыздоо, педагогикалык технологияларды өркүндөтүү”

Милдеттер: педагогдорго кесиптик дараметин өстүрүүгө шарт түзүү менен мугалимдин ишмердигинде  тажрыйба топтоо жана натыйжалуу жыйынтыктарын, ар түрдүү деңгээлде алып чыгуу.

Билим берүү мейкиндигинде мектептин инновациялык ишмердиктердин негизги багыттарына таасир этүүчу практикалык , теориялык, методикалык семинарлардын системасын түзүү.

Усулдук иштердин формалары:

 

-Тематикалык педагогикалык кеңешмелер.
-Усулдук кеңешме
-Мугалимдердин чыгармачылык предметтик бирикмелери
-Мугалимдердин өз билимин жогорулатуу иштери
-Методикалык семинарлар, теориялык сабактар
-Кесиптик деңгээлдерин жогорулатуу боюнча өз алдынча ишмердиктер
-Ачык сабактар
-Чыгармачыл отчеттор
-Мугалимдин “Портфолиосу”
-Заманбап сабактарды уюштуруу боюнча кенештер
-Педагогикалык мониторинг
-Предметтик декадалар
-Таланттуу окуучулар менен уюштурулган иштер
-Билимдерин жогорулатуу курстарынын системасы

 

Мектептин усулдук кызматынын негизги багыттары
-Мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу
-Окуу методикалык иштерди уюштуруу
-Инновациялык иштер
-Мугалимдерге –методикалык маалыматтык кызмат көрсөтүү
-Педагогикалык тажрыйбаны аныктоо жалпылоо жана таратуу
-Педагогикалык чыгармачылыкты өнүктүрүү
-Окуучулардын билиминин калыптанышын байкоо
-Жаңы программа жана окуу китептерин сынактан өткөрүү боюнча эксперттик иштерди уюштуруу
Электрондук окуу куралдары менен иштөөнү уюштуруу