Тарбиялык иштер

                                      ТАРБИЯЛЫК ИШТЕР

2021 тарбия бир жыл план жаны

Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер

     

Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер                                             

 

Тарбиялоо коомдук көрүнүш катары – бул татаал жана карама-каршылыктуу процесс. Мектеп практикасында мындай кырдаалды көп эле кезиктирүүгө болот: мугалим материалды сопсонун баяндап берет, предметине окуучуларды кызыктыра алат, бирок өзүн класс жетекчи катары көрсөтө албайт. Бул таң каларлык эмес: тарбиялоо – таптакыр башка чөйрө.

Тарбиялоо – бул инсандын максат багыттуу жана аң-сезимдүү түрдө уюштурулган социалдашуу процесси, ал өзүнө билимдин түрдүү тармактары боюнча окуучулардын тажрыйбага ээ болуусун жана адамдын инсандык өнүгүүнүн эң маанилүү компоненттери катары социалдык жана руханий мамилелердин калыптануусун камтыйт. Класс жетекчинин сапаттуу ишинин натыйжасы – бул окуучулардын аң-сезиминдеги жана жүрүм-турумундагы оң өзгөрүүлөр.

Тарбиялоонун башкы максаты (сөздүн кең жана тар маанисинде) – инсандын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттарды жаратуу, бул окуучунун өзүн-өзү реализациялоосуна, анын коомдогу мүмкүнчүлүктөрүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Ошентип, класс жамаатын уюштуруу менен алектенип, анын жетекчиси балдарга активдүү турмуштук позицияны, жашоону сүйүүнү, чыгармачылык башатты, өз күчүнө ишенүүнү жана мунун натыйжасы катары турмуштан өз ордун табууну өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Коом менен мамлекет, жаш муундарды тарбиялоонун милдеттерин аныктоо менен, мектеп төмөндөгүлөргө жөндөмдүү инсанды тарбиялайт деп болжошот: өзүнүн физикалык билгичтиктерин жана акыл жөндөмдүүлүктөрүн, өз талантын, чыгармачылык жана изилдөөчүлүк билгичтиктерин толук көлөмдө көрсөтүү; өз өлкөсүнүн каада-салттарын, адептик идеалдарын жана баалуулуктарын, өзүнүн жана бөтөндөрдүн укугу менен эркиндигин таануу жана урматтоо; достукту жана толеранттуулукту көрсөтүү; жашоону табияттын баа жеткис белеги катары жана өзүн уникалдуу көрүнүш катары урматтоо; курчап турган чөйрөнү келечектеги муундар үчүн сактагыдай жашоо.

            Тарбиялоо – бул белгилүү бир натыйжага жетүүгө багытталган ырааттуу иш-аракеттердин топтому. Бул бүтүн, көп кырдуу жана узакка созулуучу процесс, анын түзүмүнө: адептик, эстетикалык, социалдык, эмгектик ж.б. компоненттердин көптүгү кирет.

Тарбиялоо процессин ар дайым эле божомолдоого болбой тургандыгын, тарбиялануучулардын иш-аракетин да дайыма эле алдын ала айтууга болбой тургандыгын, ал эми  тарбиячынын усулдары менен ыкмалары алар тарабынан каршылык жаратышы да мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек.

 Тарбиялоо процесси:

  • субъективдүү – тарбиялоонун натыйжасын ар ким тарбиялоо процессинин өзүн жана анын мазмунун өз ой жүгүртүүсүнө жараша кабылдайт;
  • бейформал – кесиптик билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү, жан күйдүрүүнү жана чыгармачылык мамилени талап кылат;
  • концептуалдык – ар бир педагог бир эле трабиялануучуга карата өз концепциясын аныктайт.