Жаңы жылга карата өзгөчө иш-чаралар
№68 ЖББО мектебинде 25-26-декабрь күндөрү жаңы жылга карата өзгөчө иш-чаралар өткөрүлдү.
1-4-класстын окуучулары үчүн «Сыйкырдуу сааттын сыры» аттуу кызыктуу шоу-программа уюштурулуп, кичинекейлер сыйкырдуу жомок дүйнөсүнө киришти. Алар ар кандай оюндарга катышып, кызыктуу белектерге ээ болушту.
5-11-класстын окуучулары үчүн майрамдык жаңы жылдык кечелер өткөрүлдү. Биздин коноктор – Гринч, Аяз ата жана Аяз кыз өзгөчө шоу көрсөтүп, баарына кубаныч тартуулашты. Коноктордун күлкүлүү сценкалары, ыр-бийлери жана оюн-зооктору мектептин майрамдык маанайын ого бетер жандантты.
Иш-чараларга окуучулар жана мугалимдер активдүү катышып, баары көңүлдүү убакыт өткөрүштү. Мектептин залына кооздолгон балаты жана жаңы жылдык жасалгалар өзгөчө көрк кошуп, майрамдык атмосфераны жаратып турду. Бул күндөр ар бир катышуучунун жүрөгүндө унутулгус элес калтырды.
Комментарии