“Өрт коопсуздугун камсыздоо – ар бирибиздин милдет”
Бүгүн №68 А.Осмонов атындагы ЖББ мектебинде,Ленин району боюнча Өзгөчө кырдаалдар кызматындагы Өрттү алдын алуу жана өрттөн коргоо бөлүмүнүн улук офицери Алмазбеков Канат Алмазбекович келип, мектеп жамааты менен өрт коопсуздугу боюнча инструктаж өткөрдү.Иш-чаранын жүрүшүндө өрт кырсыктарынын алдын алуу жолдору, өрт чыккан учурда туура аракеттенүү тартиби жана жоопкерчиликтер боюнча кеңири маалымат берилди.Ошондой эле мектеп директору С.Б.Жумакунова атайын буйрук чыгарып, жалпы жамаатты өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жана эрежелер менен тааныштырды.Бул иш-чара мугалимдер менен кызматкерлердин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын арттырып, өрттөн коргонуу маданиятын жогорулатууга багытталды.
Комментарии