“Орус тили жана адабияты сабактарындагы долбоор ыкмасы” семинары
2024-жылдын 22-ноябрь күнү №68 ЖББОМде кыргыз тилинде окутулган мектептерде билим берген орус тили жана адабияты мугалимдери үчүн “Орус тили жана адабияты сабактарындагы долбоор ыкмасы” деген темада методикалык семинар болуп өттү. Иш чаранын негизги максаты мектеп окуучуларына практикалык маселелерди же маселелерди чечүү процессинде билимди өз алдынча алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, билимди алууда окуучулардын тынымсыз изденүү, талдоо негизинде ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана аны иш жүзүндө колдонууга үйрөтүү.
Иш чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын билим берүүнүн сапаты жана усулдук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Астраханова Света Зарылыковна катышты.
Семинар башталгыч класстын окуучуларынын “Башталгыч мектеп телевидениесинин” “Дүйнөдөгү эң маанилүү ким?” деген аталыштагы сахналаштырылган номери менен башталды.
Семинарды № 68 ЖББОМнин директору Жумакунова Саадат Бактыгуловна мектеп жөнүндөгү кыскача маалымат менен ачты.
Программанын жүрүшү боюнча орус тили жана адабияты мугалими Белекова Жылдыз Белековна « Долбоор методдун- педагогикалык техника катары колдонулушу » деген темада доклад окуду.
Андан сон семинарга келген мугалимдер программанын сырткы бетиндеги фигуралар боюнча үч топко бөлүнүштү.
Биринчи “Айлана ” тобу Чаликеева Сагындык Руставелиевнанын “Мен буну мындай жасайм …” деген темадагы мастер классына киришти.
Экинчи “Жылдызча” тобу Маркаева Сүйүмкан Садыковнанын 8-класстарга « А. С. Пушкиндин «Дубровский» повести боюнча жалпылоочу сабагына күбө болушту.
Үчүнчү “Үч бурчтук” тобу Тажибаева Жылдыз Тажибаевнанын 3-класстын окуучулары менен өткөн «Орус тили сабагында башталгыч класстарда долбоорлоо методу» долбоорунун жыйынтыгын көрө алышты.
Келген коноктор семинардын жүрүшү боюнча өз ойлорун кайрадан актовый залга чогулуп билдиришти. Ошондой эле өтүлгөн сабактар боюнча анализдеринде мугалимдин түгөнбөгөн түйшүгүн баса белгилешип ыраазычылык билдиришти.
Өз сөзүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын билим берүүнүн сапаты жана усулдук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Астраханова Света Зарылыковна № 68 ЖББОМнин жалпы коллективине жана директору Жумакунова Саадат Бактыгуловнага ыраазычылык билдирди.
Комментарии