Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Эл дөөлөтү- эне тил” аттуу иш-чара
Бишкек шаарындагы А. Осмонов атындагы №68 ЖОББ мектебинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Эл дөөлөтү- эне тил” аттуу иш-чара болуп өттү. Иш- чарага ардактуу конок болуп Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси П.Д . Бакирова жана мектеп администрациясы катышты. Адабий кеченин жүрүшүндө окуучулар кыргыз тилинин улуулугун, маани- маңызын, эң байыркы тил экенин көрсөтө алышты. Окуучулар тарабынан коюлган сахналаштырууда Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн улуу инсандардын жана кыргыз тили үчүн жан аябай кызмат кылган тилчи- окумуштуулардын тарыхый портреттери элестүү, көркөм чагылдырылып берилди. Окуучуларыбыздын тилине болгон сүйүү, урматына карап, келечекте мындай жаш муундар турганда тилибизди жаркын келечек, өнүгүү, өсүү күтүп турганын өз сөзүндө П.Д. Бакирова да белгилеп өттү. Иш- чаранын соңунда №68 ЖОББ мектебинин директору С.Б. Жумакунова сөз сүйлөп, жалпы катышуучуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.
Комментарии