Биздин окуучулар радиодо
УТРКдагы «Келечек» радиосу менен кызматташууну баштадык. Сөзгө чечен, ой жүгүртүүсү кенен окуучуларыбыз алгачкы жолу «Эне тилибиздин коомдогу орду» темасында талкуу жаратышса, кийинки жолку радио уктурууда «Принцип» темасында ойлорун ортого сала алышты. Мындан сырткары таланттуу окуучуларыбыз: комузчу, ооз комузчу, ырчы, бийчи 9-Д класстын окуучусу Карыбекова Даяна; жаш акын, прозаик катары алгачкы кадамдарын таштап жаткан 9-Д класстын окуучусу Кувандыков Салават таланттарын радио аркылуу коомчулукка тартуулай алышты.
Комментарии