«Педагогикалык идеялар жана инновациялык технологиялар фестивалынын алкагында «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз!» маалыматтык, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоору болуп өттү.
Окуучуларды илимге, инновациялык ишмердүүлүккө, илимий-чыгармачылыкка тартуу, жөндөмдүү балдарды табуу жана аларды колдоо максатында 5-11-класстардын окуучулары арасында изилдөөчүлүк долбоору өткөрүлүп, жөндөмдүү окуучуларыбыз тарабынан заман талабына ылайык учурдагы актуалдуу маселелер изилденгенин көрө алдык. Алсак, «Акне», «Белдемчи»- салттуу кийимин тигүү, жасоо ыкмасы, «Брекет», «Микро жашылчалар».
Жалпысынан 11 долбоорлук иш жакталып, жыйынтыгында 4 иш райондук турга жөнөтүлө турган болду.
Алар:
1. Джусупов Алымбек 6-Д класс. Даярдаган мугалим: Салмакеева М.Ж.
2. Усеева Раяна 9-В класс. Даярдаган мугалим: Акматова А.А.
3. Манапбаева Айтолкун 8-Б класс. Даярдаган мугалим: Дуйшенова А.А.
4. Тобокелова Нурай 9-В класс. Даярдаган мугалим: Абдибалиева З.А.
Кийинки этапка барчу катышуучуларга ийгилик каалап, мектебибиздин атын мыкты деңгээлде чыгарарына ишенебиз!
Комментарии