2025-жылдын 22-февралында Бишкек шаарындагы Ленин районунун мектептери арасында «Манас таануу» жана «Жаш манасчы» таймашы болуп өттү. «Манас таануу» интеллектуалдык таймашына мектебибиздин намысын коргоп, «Мүрөк» жана «Даанышман» топтору катышышты. Жыйынтыгында, Ленин району боюнча «Мүрөк» тобу 1-орунду, «Даанышман» тобу 3-орунду камсыздашып, шаардык турга жолдомо утуп алышты. Ал эми «Жаш манасчы» сынагында 8-А класстын окуучусу Омурканов Нурислам 33 талапкердин арасынан 3-орунду ээледи. Бул сынакка даярдаган кыргыз тили жана адабияты мугалими Турусбекова Төркүнбү эжеге терең ыраазычылык билдирүү менен, окуучуларыбызга кийинки этаптарда ийгиликтерди каалайбыз!
Комментарии