“Акыркы коңгуроо – 2025”№68 Алыкул Осмонов атындагы орто мектепте майрамдык маанай
Бүгүн, 26-майда №68 Алыкул Осмонов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде “Акыркы коңгуроо” салтанаты уюшкандыкта өттү.Иш-чарага Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева, Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Жыргалбек Шакиев, Ленин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери, ата-энелер катышты.Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырды.№68 Алыкул Осмонов атындагы орто мектебинин директору, өлкөнүн билим берүүсүнүн мыктысы Саадат Жумакунова мугалимдер жамаатын, ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү эң маанилүү жана кубанычтуу күнү менен куттуктап, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.Ушул мектепти 1995-жылы алтын медаль менен бүтүргөн Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева окуучулук күндөрүн эстеп, бүтүрүүчүлөргө мындай деди: — Мен дагы сүйүктүү мектебимди бүтүп жаткан учурум көз алдыма тартылды. Албетте, ар бириңер ушул күндү толкундануу менен күткөнсүңөр, анткени алдыда көптөгөн жолдор ачылып, кызыктуу пландарды жана идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр жаралганы турат.Урматтуу бүтүрүүчүлөр, силерге келечектеги кесибиңерди тандоодо биринчи кадам жасоо мезгили да келип жетти. Бул абдан олуттуу кадам, ошондуктан кесипке туура багыт алып, келечекте өлкөнүн экономикасына, илим-билимине, маданиятына өз салымыңарды кошо алган кесипкөй адистерден болушуңарга тилектешмин. Мектептен алган билимиңер бекем пайдубал болуп, ийгиликке жетүү үчүн жардам берсин. Эч нерседен тайманбай, алдыга койгон максаттарыңарды ишке ашырып, дайыма билимге умтулууга үндөйт элем. Анткени дүйнө жүзүндө бүгүнкү күнү ийгиликке жетүү өмүр бою билим алуу жөндөмү менен аныкталат. Мен баарыңарга жыйынтыктоочу экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, алдыга ишенимдүү карап, ар тараптуу өсүшүңөрдү каалайм. Урматтуу бүтүрүүчүлөр, өз мектебиңерди жана чынчылдыкка, адилеттүүлүккө тарбиялап, билим берген, ошондой эле жетишкендиктериңерге чын жүрөктөн кубанган мугалимдериңерди эстен чыгарбайсыңар деп ишенем. Силерди дайыма ийгилик коштоп жүрсүн! Ак жол силерге!,-деди министрдин орун басары.Акыркы коңгуроо салтанатына келген Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Жыргалбек Шакиев бүтүрүүчүлөргө ак жол, алдыдагы экзамендерине албан-албан ийгиликтерди каалап, туура кесип тандоо менен өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүнө салым кошууга чакырды.Салтанаттуу иш-чара окуучулар даярдаган концерт, ыр-бийлер менен коштолду. Айрыкча салтанаттын мейманы болгон эстрада ырчысы Ильяз Андаштын атаруучундагы ырлар бүтүрүүчүлөрдүн жана катышуучулардын көңүл кушун көкөлөттү. Ошондой эле мектептин 1-классын бүтүрүп жаткан жеткинчектер мугалимдерге жана бүтүрүүчүлөргө жылуу сөздөрүн, ырларын арнады.Салтанатта ушул күндүн каармандары — бүтүрүүчүлөр өздөрү окуган мектепке, мугалимдерге чын жүрөктөн чыккан алкыш сөздөрүн арнашып, ыраазычылыктарын билдиришти. Салт болуп калгандай эле кече “бүтүрүү вальсы” менен коштолду.
Комментарии