5–11-класстын окуучулары үчүн укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чара өткөрүлдү
Мектепте 5–11-класстын окуучулары үчүн укук бузуулардын алдын алуу жана укуктук маданиятты жогорулатуу максатында профилактикалык иш-чара болуп өттү. Иш-чараны мектеп ИДН кызматкери Кыдырмышов Т.Д., тарбия завучу Токталиева А.Т. жана социалдык педагог Усупова Б.А. өткөрүштү.Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга укуктук жоопкерчилик, коомдук тартипти сактоо, өспүрүмдөр арасында мыйзам бузууга жол бербөө боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле, жаштар арасында тартип бузуунун кесепеттери, туура жүрүм-турумдун маанилүүлүгү жана мыйзамга баш ийүүнүн зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Бул иш-чаранын негизги максаты – окуучуларды жоопкерчиликтүү жаран болууга үндөө, терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана коопсуз чөйрө түзүү болуп саналат. Окуучулар активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, керектүү маалыматтарды алышты.Ошондой эле, класс жетекчилер тарабынан да укуктук тарбия боюнча түшүндүрүү иштерине көңүл бурулуп, окуучулар менен кошумча класстык сааттар өткөрүлдү. Класс жетекчилер укуктук маданиятты жогорулатуу, окуучулардын жүрүм-турумуна оң таасир тийгизүү жана аларды туура багытка жетелөө боюнча маанилүү кеңештерди беришти.
Комментарии