1-октябрь – карылар күнүнө карата майрамдык салтанат
1-октябрь күнү Бишкек шаарынын №68 ЖББО мектебинде карылар күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – улууларды урматтоо жана карыларга кам көрүү маанилүүлүгүн жаш муундарга жеткирүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар жана уюштуруучу тарабынан даярдалган концерттик программа көрсөтүлдү. Иш-чарага мектептин мугалимдер жамааты, окуучулар жана чакырылган ардагер мугалимдер катышты. Мектептин директору жана мугалимдер жамааты улууларга каалоо-тилектерин айтып, алардын өмүрлүк тажрыйбасы жаштар үчүн чоң сабак экендигин белгилешти. Бул иш-чара окуучулар арасында карыларга болгон урматтоо жана боорукердик сезимдерин өстүрүүгө, ошондой эле мектеп менен коомчулуктун байланышын бекемдөөгө чоң салым кошту.
Комментарии