«1–11-класстардын ата-энелери үчүн чогулуш: Биз зордук-зомбулукка каршыбыз!»
Мектепте 1–11-класстын ата-энелери үчүн «Биз зордук-зомбулукка каршыбыз!» деген темада жыйын болуп өттү. Чогулуштун жүрүшүндө зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдардын коопсуздугун камсыздоо жана үй-бүлөдө туура тарбия берүүнүн маанилүүлүгү тууралуу талкуу жүрдү.Ата-энелерге балдардын укуктары, зомбулуктун түрлөрү жана аны алдын алуу жолдору боюнча маалымат берилди. Ошондой эле, мектеп жана ата-энелердин тыгыз кызматташуусу зордук-зомбулуктун алдын алууда маанилүү экени белгиленди. Иш-чаранын негизги максаты – зомбулуксуз чөйрөнү түзүү жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу болду.
Комментарии