Мектептин имараты 1988-жылы пайдаланууга берилген. Долбоордук сыйымдуулугу 1240 окуучуга эсептелинген. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. 1999-жылы 10-ноябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин буйругу менен №8/1-17 Гимназия статусу берилген. 2009-жылы аттестациянын жыйынтыгы менен гимназия-окуу тарбия комплексинин статусу ыйгарылган. 2021-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлиги тарабынан “Бишкек шаарынын Ленин районунун №68 мектеп-гимназия” мекемеси статусуна ээ болгон. №68 мектеп-гтимназиясы Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлиги тарабынан “Бишкек шаарынын Ленин районунун » №68 жалпы билим берүү орто мектеби» мекемеси макамына ээ болду
№68 ЖББО мектеби 2024-2025- окуу жылында 76 класс комплектелип, жалпы- 2576 окуучу билим алып жатат. Окуу тарбия процесси 2 сменада жүргүзүлөт. Педагогикалык жамааттын саны-123 мугалим. Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими наамына ээ – 1 мугалим, Билим Берүү жана Илим Министрлигинин «Мыкты мугалим” төш белгисинин ээси болгон 21 мугалим эмгектенет. Коллективдин -38% жаш адистер
№68 ЖББО мектеби гуманитардык багытта окутуу жүргүзүлүнөт.
Тереӊдетип окутуу – кыргыз тили, математика , англис тили, француз тили, кытай тили жана корей тилдери предметтери боюнча атайын программалар менен окутулат.
Кружоктор: предметтик (англис тили, француз тили, химия, информатика)
Спорттук (волейбол, футбол, эркин күрөш, шахмат)
Чыгармачылык (бий, вокал, бисер, комуз, манас таануу, техникалык долбоор, долбоордук изилдөөлөр).
№ 68- Мектептин кызматташтыгы:
- Германия кызматташтыгы GIZ
- Эл аралык “ MindfuiWay” коучинг, фасилитация жана ой жүгүрүү дизайн борбору
- Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин алдындагы Кыргыз Кытай Конфуций институту
- Салымбеков Университети
- KOICA Корея мамлекетинин билим борбору
- Кыргыз-Манас Университети
- Ала-Тоо Университети
- И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамалекеттик Университети
- Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университети
- Т.Эраматов атындагы педагогикалык-музыкалык колледж
- Кесиптик лицей № 5
- Кесиптик лицей № 10
- Кесиптик лицей №98
- Кесиптик лицей №18
- Кесиптик лицей №100
№68 ЖББО мектебинин дареги: Бишкек шаары,Токтогул көчөсү №220.