Мектептеги билим берүү системасындагы компетенттүүлүк мамиле»- аттуу конференциянын жабылышы
2022-жылы 16-декабрь күнү А.Осмонов атындагы №68 мектеп – гимназияда “Мектептеги билим берүү системасындагы компитенттүүлүк мамиле” – аттуу семинардын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Бул семинарда мектеп – гимназиянын жаш мугалимдери жаӊы методдорду колдонуу менен курстан алган билимин мугалимдерге жана катышуучуларга масстер класс аркылуу, көрсөтүп беришти. Баса белгилеп айта кетсек педагогика илимдеринин доктору, профессор Добаев Кыргызбай Дүйшенбекович тарабынан уюштурулган. Бул семинарга катышкан жаш мугалимдер 72 сааттык сертификаттарга ээ болду. Конференцияга Ленин районунун билим берүү борборунун жетекчиси Таалайкүл Темиркановна келип катышты.
Комментарии