Новости

Башталгыч класстарынын декадасынын алкагында «Коопсуздук эрежелерин сактайбыз!» аттуу иш-чара өткөрүлдү. 2025-жылдын апрель айында башталгыч класстар декадасынын алкагында 2-класстар арасында «Коопсуздук эрежелерин сактайбыз!» деген аталыштагы тарбиялык мааниге ээ иш-чара болуп өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты – окуучуларга ар кандай кырдаалдарда өзүн туура алып жүрүү, жол эрежелерин сактоо, үйдө жана көчөдө коопсуздук эрежелерин билүү жана аларды турмушта […]
23.04.2025 140
«Китеп – жан дүйнөнүн азыгы: 23-апрель Китеп күнүнө арналган жумадык иш-чаралар»: 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата иш-чаралар жума планынын алкагында өткөрүлдү А.Осмонов атындагы №68 жалпы билим берүү мектебинде 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган атайын жумалык иш-чаралар өткөрүлдү. Жумалык алкагында башталгыч класстардын окуучулары үчүн китепканага саякат уюштурулуп, “Китеп куржуну”, […]
23.04.2025 191
Башталгыч класстар декадасы: 3-класстар арасында өткөрүлгөн шаңдуу эстафета  2025-жылдын 22-апрелинде мектепте башталгыч класстар декадасынын алкагында унутулгус, шаң-шатман маанайдагы спорттук эстафета өткөрүлдү. Бул жаркын иш-чара дене тарбия мугалимдеринин демилгеси жана уюштуруучулугунун негизинде 3-класстын окуучуларынын арасында өткөрүлүп, активдүүлүк жана достук духу жогорку деңгээлде чагылды.Иш-чаранын негизги максаты – окуучуларды сергек жашоого үндөө, спортко болгон кызыгуусун арттыруу, бири-бирине колдоо […]
22.04.2025 146
11-апрелде мектепте Франкофония жумалыгынын алкагында француз тили кечеси өткөрүлдү. Бул иш-чара француз тилине болгон кызыгууну арттыруу жана окуучулардын тил билүүсүн өркүндөтүү максатында уюштурулду.Кече учурунда француз тили ийримине катышкан окуучулар көркөм чыгармаларды французча окуп, «Жаңылмачтар парады» аркылуу өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле атактуу «Күлала» (Cendrillon) жомогунан үзүндү сахналаштырылып тартууланды. Мындан сырткары, французча ырлар аткарылып, кечеге шаң […]
11.04.2025 21
20-март  #68ЖББО мектебинин мугалимдери Нооруз майрамына карата атайын иш-чара өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө бардык бирикмелерге кыргыз элинин каада-салтын көрсөтүү милдети жүктөлүп, ар бир жамаат өз бөлүнгөн салтты жандуу түрдө чагылдырып беришти.Жыйынтыгында мугалимдер ар кандай номинациялар боюнча байгелүү орундарга ээ болушуп, акчалай белектер менен сыйланышты.Нооруз – жаңы жылдын, биримдиктин жана молчулуктун башаты!
21.03.2025 63
«Мен тансам, жаштан танам, ырдан танбайм, Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм, Кудайга миң мертебе калп айтсам да, Ырыма бир мертебе калп айта албайм»,- деп өмүрүн поэзияга арнаган алп акыны А. Осмоновго арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Алыкул таануучу, коомдук ишмер Казыбаев Памирбек Шоморович, Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Бакирова Перизат […]
10.03.2025 73
№68 ЖББОМ Ак Калпак күнү салтанаттуу белгиленди Бүгүн, 5-мартта, Бишкек шаарындагы №68 жалпы билим берүүчү орто мектебинде Ак Калпак күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул иш-чаранын максаты – улуттук баалуулуктарды сактоо жана өспүрүмдөр арасында мекенчилдик сезимин күчөтүү.Иш-чаранын алкагында окуучулар ак калпактын тарыхы жана анын кыргыз элинин маданиятындагы орду тууралуу баяндама жасашты. Ошондой эле, улуттук […]
05.03.2025 58
Бүгүн, 3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги күнү белгиленип, #68 ЖББОМдо ушул майрамга арналган чакан иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын максаты – окуучуларга мамлекеттик символдордун маанисин түшүндүрүү, мекенчилдик сезимдерин күчөтүү жана желегибизге болгон сый-урматты арттыруу болду.Бул иш-чараны 6-класстын окуучулары менен биргеликте тарых мугалими Эркинбекова Аймира эжей даярдап, окуучулар желегибиздин тарыхы, түстөрүнүн жана символдорунун мааниси жөнүндө маалымат […]
03.03.2025 55
2025-жылдын 28-февралында биздин мектепте «Укук бузуулардын алдын алуу жана көзөмөлдү күчөтүү» деген темада жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулушту мектеп директору Жумакунова Саадат Бактыгуловна ачып, иш-чаранын максаты жана мааниси жөнүндө кыскача маалымат берди. Иш-чаранын жүрүшүндө адистер өз сөздөрүн сүйлөп, укук бузуулардын алдын алуу боюнча кеңири маалымат беришти:» 1. Исматова Умида Олимжановна — БМЖКККнын алтын алуу […]
28.02.2025 56
#68 ЖББОМде 9-класстар арасында «Мекенди коргоо – ыйык милдет» аттуу конкурс болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир класс өзүнүн мекенге болгон сүйүүсүн, патриоттук духун жана биримдигин көрсөтүштү. Конкурс жогорку деңгээлде уюштурулуп, анын жыйынтыгында бардык катышуучулар грамоталар менен сыйланышты. Иш-чаранын соңунда мектеп директору Жумакунова Саадат Бактыгуловна сөз сүйлөп, окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.    
24.02.2025 57
21-февраль күнү #68 жалпы билим берүү орто мектебинде Эл аралык эне тили күнүнө карата 7-класстар арасында “Тил – достуктун ачкычы” аттуу конкурс болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты – окуучулардын эне тилине болгон сүйүүсүн арттыруу, көп тилдүүлүктү колдоо жана улуттар аралык достукту чыңдоо болду.Конкурстун алкагында окуучулар ар түрдүү тилдерде ырларды аткарышып, тилдин кооздугун жана маанилүүлүгүн көрсөтүштү. […]
21.02.2025 51
2025-жылдын 20-февраль   Кыргыз Улуттук Университетинде (КНУ) өткөн «Буллингге жол жок» аттуу форумга биздин мектептин окуучулары Эмилбекова Нурайым жана Сыртбаев Калмырза активдүү катышышты.Форумдун негизги максаты — мектептерде буллингди алдын алуу, окуучулар арасында зомбулук жана дискриминациянын кесепеттери тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле балдардын коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө шарт түзүү болду.Биздин окуучулар аталган форумда өздөрүнүн докладдарын окуп, […]
20.02.2025 47
1 / 212