Окуучулар үчүн Жогорку Кеңешке таанып-билүү сапары
2025-жылдын 5-6-февралында мектеп окуучулары билим деңгээлин жогорулатуу жана мамлекеттик түзүлүш тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барышты.
5-февралда 8-з классынын окуучулары класс жетекчиси Маркаеева Сүйүмкан Садыковнанын жетекчилиги менен парламенттин ишмердүүлүгү, мыйзам чыгаруу процесси жана депутаттардын иш тартиби менен таанышышты. Ал эми 6-февралда 9-, 10- жана 11-класстын окуучулары дагы Жогорку Кеңешке барып, анын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты. Бул экскурсияны мектептин уюштуруучусу Сабитова Насыйкат эже жетектеди.
Экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар Жогорку Кеңештин имаратын кыдырып, жыйындар залы жана тарыхый маанилүү бөлүмдөр менен таанышышты. Адистер аларга парламенттик демократиянын негизги принциптери, мыйзамдардын кабыл алуу жол-жобосу жана депутаттардын милдеттери тууралуу түшүндүрмө беришти. Ошондой эле, окуучуларга билимдүү болуунун маанилүүлүгү, бош убакытты туура пайдалануу жана мекенчил, патриот инсан болуп өсүү боюнча баалуу кеңештер берилди.
Бул иш-чара окуучулар үчүн абдан пайдалуу болуп, алардын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзам чыгаруу процесси тууралуу түшүнүгүн кеңейтти. Экскурсиянын соңунда катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, компетенттүү жоопторду алышты.
Мындай иш-чаралар окуучулардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга, жоопкерчиликтүү жана патриот инсан болуп калыптанышына чоң өбөлгө түзөт.
Комментарии