СРЕДНЯЯ ОБЩЕОБРАЗОВАТЕЛЬНАЯ ШКОЛА №68
  • Меню
  • Школа
    • О нас
    • Сотрудники
    • Учебно-воспитательная работа
    • Методическая служба
    • Воспитательная работа
    • Гордимся
    • Учебный процесс
    • Информационно-библиотечная служба
    • Социально-психологическая служба
  • Ученикам
    • ШСУ
    • Расписание
    • Кружки и секции
    • Полезная информация
  • Родителям
    • Информация для родителей
    • Внутренний распорядок
    • Школьная форма
  • Новости
  • Галерея
  • Контакты
КыргызскийРусский
  • Школа
    • О нас
    • Сотрудники
    • Учебно-воспитательная работа
    • Методическая служба
    • Воспитательная работа
    • Гордимся
    • Учебный процесс
    • Информационно-библиотечная служба
    • Социально-психологическая служба
  • Ученикам
    • ШСУ
    • Расписание
    • Кружки и секции
    • Полезная информация
  • Родителям
    • Информация для родителей
    • Внутренний распорядок
    • Школьная форма
  • Новости
  • Галерея
  • Контакты
  • Главная
  • Новости

9 жана 11-класстарга аттестат жана ЖРТ сертификаттарын тапшыруу салтанаты

9 жана 11-класстардын аттестат жана ЖРТ сертификаттарын тапшыруу аземи.

2025-жылдын 30-июнунда биздин мектепте 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу аттестат жана ЖРТ сертификаттарын тапшыруу аземи жогорку деңгээлде, өзгөчө маанайда өткөрүлдү.Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнинин жаңырышы менен башталып, мектептин жетекчилиги, мугалимдери, окуучулар жана ата-энелер катышкан бул күн ар бир бүтүрүүчү үчүн эстен кеткис күндөрдүн бирине айланды.Мектеп директору Жумакунова Саадат Бактыгуловна өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү  куттуктап, ар бирине ак жол каалап, билим — келечекке ачылган эшик экендигин баса белгиледи. Директор өзгөчө ата-энелерге, мугалимдерге жана окуучулардын мээнетинин артында турган ар бир адамга терең ыраазычылыгын билдирди.Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) мектептен жалпы 153 бүтүрүүчү катышып, төмөнкүдөй жыйынтыктар менен сыймыктандырды:111–161 балл аралыгында — 99 окуучу;161–200 баллдан жогору — 42 окуучу мыкты билим деңгээлин көрсөтө алышты.Мектеп сыймыктана турган бүтүрүүчүлөрүбүз 11-класстын бүтүрүүчүсү Өмүрбек кызы Абия Санкт-Петербург шаарында өткөрүлгөн “Алые паруса – 2025” Эл аралык бүтүрүү кечесине катышып, мектептин, өлкөнүн атын татыктуу деңгээлде даңазалады.Дагы бир бүтүрүүчүбүз АКШнын Чикаго шаарындагы белгилүү жогорку окуу жайынын IT багытына 70% арзандатуу менен кабыл алынып, билим аркылуу дүйнөлүк деңгээлге чыккан жетишкендиктердин үлгүсүн көрсөттү.Мугалимдерге ыраазычылык: Бул ийгиликтерге жетүүдө мугалимдердин ак эмгеги зор. Айрыкча математика, физика, кыргыз тили, чет тили, биология, химия жана тарых сабактарынан жогорку — 70тен 130га чейинки баллдарды камсыз кылган бүтүрүүчүлөр мугалимдердин өз ишине болгон жоопкерчилигин, кесипкөйлүгүн айгинелейт. Бул багытта иштеген мугалимдерге терең ыраазычылык билдиребиз!Ал эми 9-классты жалпы 209 окуучу ийгиликтүү аяктап, негизги жалпы билим тууралуу күбөлүктөрүнө ээ болушту.Бул салтанаттуу күн бүтүрүүчүлөр үчүн бир өмүргө унутулгус эскерүү, жаңы турмуштун босогосуна кадам таштоо күнү болду. Мектеп жамааты бүтүрүүчүлөрдү чын дилден куттуктап, ар бирине билимдин, ийгиликтин, бакыттын жана жаркын келечектин эшиги ачык болушун каалайт!

 

Поделиться

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий
Читайте также
№68 А.Осмонов атындагы мектепте бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзамен тапшырууда
02.06.2025 0 59
“Акыркы коңгуроо – 2025”№68 Алыкул Осмонов атындагы орто мектепте майрамдык маанай
26.05.2025 0 55
Улуу Ата-Мекендик согуштун 80 жылдыгы
29.04.2025 0 256
Коопсуздук эрежелерин сактайбыз!
23.04.2025 0 202
Мен дүйнөнү китеп менен тааныйм.
23.04.2025 0 246
    • Админ-панель
    • Образование за рубежом

    +996 (312) 454529

    г. Бишкек, ул. Токтогула, 220

    © 2025 – СРЕДНЯЯ ОБЩЕОБРАЗОВАТЕЛЬНАЯ ШКОЛА №68 Сайт разработан и поддерживается EDUGATE • Публичная оферта