№68 ЖББОМ Педагогикалык Планёрка өткөрүлдү
2025-жылдын 12-февралында №68 жалпы билим берүү мектебинде жалпы жамааттык планёрка болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө физика мугалимдери Мамбетова Асылкан Жаныбековна жана Ниязалиева Нуркыз Омурбековна PISA боюнча жана 5E модели тууралуу кеңири маалымат беришти.Мугалимдер PISAнын негизги максаттары, эл аралык баалоо системасындагы окуучулардын ой жүгүртүү жана компетенттүүлүк деңгээлин жогорулатуу боюнча маанилүү аспектилерге токтолушту. Ошондой эле, 5E модели – Engage (Кызыктыруу), Explore (Изилдөө), Explain (Түшүндүрүү), Elaborate (Кеңейтүү) жана Evaluate (Баалоо) этаптары аркылуу окутуунун натыйжалуулугун арттыруу жолдорун тааныштырды.Иш-чаранын жүрүшүндө мугалимдер ортосунда талкуу жүргүзүлүп, практикалык мисалдар келтирилди. Катышуучулар заманбап окутуу ыкмаларын сабактарда колдонуу боюнча ой бөлүшүп, окуучулардын критикалык ой жүгүртүү жана көйгөйлөрдү чыгармачылык менен чечүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтышты.Жыйынды мектеп директору Жумакунова С.Б. жыйынтыктап, мугалимдердин үзүрлүү эмгегине ыраазычылыгын билдирди. Ал билим берүүдө инновациялык усулдарды колдонуу заман талабы экенин белгилеп, жамаатка ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, мындай семинарлар мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө чоң салым кошорун айтып, сапаттуу билим берүү үчүн биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.Бул планёрка мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн арттырууга, инновациялык окутуу ыкмаларын өздөштүрүүгө жана окуучулардын билим сапатын жогорулатууга багытталды. Мектеп жамааты мындан ары да заманбап билим берүү усулдарын колдонууну улантып, окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга болгон аракетин улантат.
Комментарии