№68 А.Осмонов атындагы мектепте бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзамен тапшырууда
Бүгүн, 2-июнь күнү, Бишкек шаарындагы №68 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2024–2025-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик аттестациялоо экзамендери расмий түрдө башталды. Бул 9- жана 11-класстын окуучулары үчүн жоопкерчиликтүү, маанилүү жана тарыхый учур болуп эсептелет.Салтанаттуу линейка менен башталды .Экзамендер башталар алдында мектептин короосунда 9- жана 11-класстардын окуучулары үчүн салтанаттуу линейка уюштурулду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнинин жаңырышы менен ачылды.Мектеп директору Саадат Бактыгуловна бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, экзамендерди ийгиликтүү тапшырууга тилектештик билдирди. 209 окуучу 9-класстан жалпы 209 окуучу алгебра сабагынан экзамен тапшырууда. Бул экзамен окуучулардын негизги жалпы орто билим деңгээлин аяктаганын тастыктап, алардын профилдик багыт алуусуна өбөлгө түзөт. Ар бир класска тиешелүү аудиториялар даярдалып, тынч жана ыңгайлуу шарттар камсыздалган.11-класстын бүтүрүүчүлөрү — кыргыз тили, 156 окуучу,ошол эле учурда, 11-класстан 156 бүтүрүүчү кыргыз тили сабагынан мамлекеттик экзаменге катышууда. Бул алар үчүн мектептеги билим жолундагы акыркы чоң сыноолордун бири болуп эсептелет. Экзамен мамлекеттик тилге болгон мамилени, сабаттуулукту жана ой жүгүртүү жөндөмүн баалоого багытталган.Экзамендер тынч жана уюшкандыкта өтүүдөЭкзамендер өз нугунда, тынч жана уюшкандыкта өтүп жатат. Бардык санитардык-гигиеналык талаптар сакталууда. Ар бир аудиторияда көзөмөл комиссиясы жана уюштуруучулар тарабынан тартип жана коопсуздук камсыздалган. Окуучулар беткап, антисептик каражаттары менен камсыздалган, мектеп имараты үзгүлтүксүз желдетилип жана тазаланып турат.Ийгилик бүтүрүүчүлөргө!Мектеп жамааты бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалап, алардын ар бири келечекте татыктуу орун ээлеп, билимдин, маданияттын жана патриоттуулуктун жарчысы болоруна ишенет.
Комментарии