21-февраль – Эл аралык эне тили күнүнө карата “Тил – достуктун ачкычы” аттуу конкурс өткөрүлдү
21-февраль күнү #68 жалпы билим берүү орто мектебинде Эл аралык эне тили күнүнө карата 7-класстар арасында “Тил – достуктун ачкычы” аттуу конкурс болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты – окуучулардын эне тилине болгон сүйүүсүн арттыруу, көп тилдүүлүктү колдоо жана улуттар аралык достукту чыңдоо болду.Конкурстун алкагында окуучулар ар түрдүү тилдерде ырларды аткарышып, тилдин кооздугун жана маанилүүлүгүн көрсөтүштү. Ошондой эле тилдердин ар түрдүүлүгүн даңазалаган концерттик номерлер тартууланып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга ардак грамоталар тапшырылып, уюштуруучулар окуучуларга ыраазычылык билдиришти. Мектеп жамааты мындай иш-чаралар балдардын тилге болгон кызыгуусун арттырууга жана достук мамилелерди чыңдоого чоң салым кошорун белгилешти.
Комментарии