Улуттун улуу залкарлары
2022-жылы А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназияда, улуттук адабият күнүнө карата «Улуттун улуу залкарлары» — теманын негизинде чоң адабий кече өткөрүлдү. Адабий кечеде мектеп-гимназиянын таланттуу окуучулары чыгармачылыгын мыкты деңгээлде, көрүүчүлөргө тартуулай алышты. Бул адабий кечени кыргыз тили жана адабият усулдук бирикмеси уюштуруп, жалпы мугалимдер, окуучулар жана мектептин уюштуруучулары катышышты.
Комментарии