ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯЛОО

  1. Билим берүү программасынын мазмуну жана окуу-методикалык камсыздалышы.
к/№Билим берүү мекемесинин өзүн баалоонун ченемдериБилим  беруу мекемесинин (өзүн)анализдөөсүАныктоочу негиздер.
1.1.Окуу планын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү.·         Окуу программасы билим деӊгээлин камсыз кылууга жана кыргыз тилинде окутуу үчүн базистик окутуу программасын ишке ашырууга багытталган.

·         Мектеп-гимназия статусун эске алуу менен окуучулардын жана алардын ата-энелери, керектөөчүлөрдүн талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык төмөнкүдөй гуманитардык багытта иш алып барат:

·         Кыргыз тили

·         Орус тили

·         Англис тили

·         Кытай тили

·         Корей тили

Мектептин ички актыларынын,жоболордун,сунуштардын иштелип чыгуусу,коллективдин тажырыйбасына киргизүү, ишмердикте системалуулукту,натыйжалуулукту сапаттуу жыйынтыкка жетишүүну камсыз кыла алуусу, педагогикалык жамаатта жоопкерчиликти жогорулатууну,билим беруу процессинин катышуучуларында чыгармачылыкты,креативдуулукту жана активдуулукту калыптандырат. Мектептеги билим тарбия беруунун ийгиликтүүлүгүн жогорулатуу менен ишмердүүлүктү жөнгө салуу нормативдик ченемдердин алкагында аткарылат.

Негизги окуу планы мектеп программасына ылайык келет. Биринчи

педагогикалык кеңешмесинде

окуу планын талкуулоо жана бекитүү

жарыяланган.  Базалык окуу пландын негизинде «Кут билим» газетасында мектеп тандоосу менен бирге компонент 1 сааттан кыргыз тилинен 5-6-7-8-9-10-11-класстарында, орус тилинен 5,6,8,9- класстарында,англис тилинен 5-6-7-8-9-класстарында, корей тили 5-6-7-8,11-класстарында, кытай тили 5,8,9-класстарында окутулат.

 

Компонент боюнча программалар билим берүүнүн талаптарына ылайыкташтырылган

стандарт үчүн зарыл шарт болуп саналат.

Окуу программаларына ылайыктуулугу мектептин окуу иштери боюнча директордун орун басары тарабынан, чогулушта текшерилди.

 

1-тиркеме: Гимназия уставы

2- тиркеме. Окуу планы 2022-2023-окуу жылы үчүн.pdf

3-тиркеме. Сабактын жүгүртмөсү рdf

4-тиркеме. Чыгыш тилдери боюнча модификациялаган программалар. Корей тили, Кытай тили,

  5-тиркеме: Мектеп компонентинин эсебинен өтүлүүчү предметтер боюнча программалар

 6-тиркеме Тереӊдетип окутуу үчүн тандоо предметтери боюнча ылайыкташтырылган программалар

7-тиркеме: Усулдук бирикмелердин КТПларды кароо боюнча протоколдору:

8-тиркеме: Физика, математика жана информатика усулдук бирикмеси;

9-тиркеме: Маданият жана дене тарбиясы усулдук бирикмеси;

11-тиркеме: Англис тили жана чыгыш тилдери усулдук бирикмеси;

12-тиркеме: Орус тили жана адабияты усулдук бирикмеси;

13-тиркеме: Кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмеси;

15-тиркеме: Химия, биология усулдук бирикмеси;

1.2.

 

 

Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү.

 

–          Билим берүү мекемеси билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн жетиштүү окуу-методикалык материалдар менен камсыз болгон. (Окуу китептери, электрондук китептер, лабораториялык жабдыктар, компьютерлер ж.б)

–          Мугалимдер Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген окуу программалар менен камсыз болушат.

Мектепте окуу-методикалык жактан камсыз кылуу ченемдик-методикалык материалдар төмөнкү компоненттерди камтыйт: (Мамстандарт, окуу планы, окуу пландары, кызматтык нускамалар, локалдык актылар), окуу-маалыматтык материалдар (окуу китептери, көйгөйлүү китептер, жыйнактар, жумушчу китептер, интернет-ресурс), окуу-усулдук материалдар ( дидактикалык материалдар, сабактардын пландары, видеоматериалдар).

Мектепте окуу китептери

Билим берүү министрлигинин буйругу менен “Кут Билим” гезитинин август айларындагы сандарындагы жарыяланган тизмеги боюнча колдонулат

Окуу жайда маалыматтык коопсуздукту камсыздоо механизми иштелип чыккан, ал жооптуу адамдардын кызматтык нускамаларды аткаруусуна негизделген. Мектептин иш кагаздары иш номенклатурасы менен иштелип чыккан жана бекитилген Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын негизинде түзүлгөн. Мектепте методикалык кабинет бар, аны мугалимдер өз иштеринде колдонушат. Методикалык кабинетке усулдук иш боюнча директордун орун басары жооптуу. Методикалык адабияттардын кыймылын каттоо журналын жүргүзөт (мугалим алды, мугалим тапшырды). Кызыкдар тараптардын окуу куралдарына канааттануусун изилдөө боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Мектепти окуу куралдары менен камсыз кылуунун абалын изилдөө жана изилдөө ата-энелердин абсолюттук макулдугу менен окуу китептерин ижарага берүү долбооруна катышууга мүмкүндүк берди. Мектеп бул долбоорго 4-жылдан бери катышып келет. Мектеп администрациясы окуу куралдары менен жабдуу булактарын тынымсыз издөөдө. Ошентип, мектеп 3 жылдан бери «Бирге окуйбуз, Окуу Керемет» долбооруна катышып келет. Бул долбоорлорго катышуунун аркасында мектеп балдар адабиятын, окуу куралдарын жана окуу китептерин алды. Китепкана фонду толукталды.

1-тиркеме:Китепканадагы жалпы окуу китептери.pdf

2-тиркеме: Окуу планы

3-тиркеме: Мамлекеттик билим берүү стандарты

4-тиркеме:

  1. “Кут-Билим” окуу китептеринин тизмеси
  2. “Кут-Билим” окуу китептеринин тизмеси

5-тиркеме: Педагогикалык жана жардамчы персоналдардын иш милдеттеринин нускамасы

6-тиркеме: Китепкана фондун текшерүү актылары

7-тиркеме: Окуу китептерин алуу боюнча табыштама

8-тиркеме: Китепкана ишинин анализи

9-тиркеме: 2021-2022-окуу жылы үчүн китепкананын иш планы

11-тиркеме: Окуу китептерин берүү журналы

15-тиркеме: Окуу китептерин алуу боюнча табыштама

16-тиркеме: 2021-2022-окуу жылына окуу китептеринин ылайык келээрин салыштырып текшерүү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.3.

Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу-методикалык адабияттардын фонду) болушу.Окуу-методикалык материалдар менен мекеме  толук камсыз болгон.

·         Окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо, окуучулардын жана мугалимдердин окуу процессинде каалаган маалыматка кирүүсүн камсыз кылат.

·         Билим алуу программасынын жайылтылышына, ландалган натыйжаларга жетүүсүнө, окуу процессинин түзүлүшүнө жана аны ишке ашыруу шарттарына чоӊ өбөлгө түзөт.

Окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоону ишке ашыруу программасы төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

·         Окуучулардын жана мугалимдер жамаатынын билим берүүдөгү ишмердүүлүгүн заманбап маалыматтык технологиялар менен камсыздоо;

·         Ар бир окуу бөлмөсүнө, китепканага, усулдук жана административдик кабинеттерге интернет түйүнү орнотулган;

·         Окуу программасынын бардык   предметтери үчүн басма ресурстар, интер. доскалар менен толукталган.

№68 мектеп –гимназиясында окуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Жаңы муундагы окуу китептери менен борборлоштурулган камсыздоонун эсебинен китепкананын фондусу көбөйүүдө. Мектепте бүгүнкү күндө окуу китептеринин жетишсиздиги ата-энелердин эсебинен чечилүүдө. Бул ар бир окуучунун өзүнүн окуу китеби болушу үчүн кырдаалды оңдоого мүмкүндүк берет. Акыркы жылдары мектеп «Окуу китептерин ижарага алуу» мамлекеттик программасына катышып келет. Бул программага катышуу окуу жайдын  китепкана фондусун толуктоого мүмкүндүк берет.

 

1-тиркеме:Адабий китептердин жалпы тизмеси. Pdf

2-тиркеме: Китепканадагы  жалпы окуу китептери

3-тиркеме: Окуу китептерин берүү журналы;

4-тиркеме: Окуу китептеринин инвентардык китеби;

5-тиркеме: Окуу китептеринин тизмеси;

6-тиркеме: 20-21 китеп менен камсыз болушу;

7-тиркеме: 21-22 китеп менен камсыз болушу;

8-тиркеме: 2019-20 окуу жылында китеп менен камсыз болушу;

9-тиркеме: 2021-22 -окуу жылында №68 мектеп-гимназиясынын окуу китептери менен камсыз болушу;

10- тиркеме. «Окуу китептерин ижарага алуу» мамлекеттик программасы

1.4.·         Билим берүү программасынын жана окуу методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун, колдонуудагы механизмдердин болушу.Мекеменин маалыматтык коопсуздугу үч чоӊ багытты өзүнө камтыйт:

–          Компьютерлердин маалыматтык коопсуздугу, локалдык түйүндөр, серверлер жана маалымат системасы;

–          Жек маалыматтардын маалыматтык коопсуздугу;

–          Балдарды терс маалыматтардан коргоо;

–          Мектеп окуучуларынын информатика жана маалыматтык технологиялары боюнча олимпиадаларга, курстарга катышуусу, сайттын ишине тартылуусу, өсүп келе жаткан муундун маалыматтык компетенттүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

2-тиркеме: Окуу программалары

3-тиркеме: Предметтик стандарттар

4-тиркеме: Календардык- тематикалык  пландар

6-тиркеме: «Кут билим» газетасындагы базистик окуу планы

7-тиркеме: Календардык пландардын тастыкталганы тууралуу кафедралардын протоколдору

  1. Кыргыз тили УБ протоколу
  2. Протокол МО русского языка и литературы
  3. токтом
  4. У.Б Токтом хим-био 
  5. Чет тилдер УБ протоколу
 Билим берүүнүн мамлекеттик

стандарты

 

№68 мектеп-гимназиясында  билим берүү мамлекеттик стандартынын электрондук   жана  кагаз түрүндөгү варианттары окуу-методикалык бөлүмүндө сакталган.  Билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын негизинде предметтик стандарттардын түзүмү  коюлган.1-тиркеме: Билим беруунун мамлекттик стандарты

http://cbd.minjust.gov.kg

 

 Предметтик стандарт

 

№68 мектеп-гимназиясында  мектептин администрациясы тарабынан предметтик стандарттын негизинде  окуу процессинин жүргүзүлүшү көзөмөлгө алынган.1-тиркеме: Предметтик стандарттар

2-тиркеме: Сабактардын  планы

http://cbd.minjust.gov.kg

  «Кут билим»  окуу китептеринин тизмеси

 

2019-2022 окуу жылдарында   №68 мектеп-гимназиясынын китепканасынын  окуу-методикалык  фондусу боюнча отчет.

 

 

1-тиркеме: «Кут билим» коомдук-билим беруу жана илимий-популярдуу газетасы

06.09. 2019 

 Күчтүү жактары:

1.Мекеменин билим берүү программасы боюнча окуучулардын окуу жүктөмү мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келет;

2. “Мектеп-гимназиясынын стандарты жана профилдик билим берүү программасы, атайын курстардын программалары комплекстин, мамлекеттин миссиясына шайкеш келет.

3. Окуу прграммасы автордук укукту, өзгөртүлгөн жана ылайыкташтырылган окуу программаларын, жаӊы муундагы окуу китептерин жана тиешелүү методикалык камсыздоону, ошондой эле мугалим жана мектеп тарабынан иштелип чыккан электрондук китептерин пайдаланууну карайт;

Алсыз жактары:

1. Айрым предметтерди тереӊдетип үйрөнүү үчүн типтүү окуу прграммаларынын жоктугу. Колдонуп жаткан стандартты өзгөртүү же өзүбүздүн эксперименталдык билим берүү программаларын иштеп чыгуу зарылчылыгына алып келет.

 

 

2.Компетенттүү  окутууну ишке ашыруу жана окуучулардын  жетишкендиктерин баалоо.
Өзүн -өзү баалоо критерийлери

 

Өзүн-өзү баалоонун жыйынтыктарыТастыктоочу документ
2.1.Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу№68  мектеп-гимназиянын усулдук темасы

2019-2020-окуу жылында беш жылга кабыл алынган.

Тема: “Окуучуларга билим жана тарбия берүүдө  компетенттүүлүктү калыптандыруунун натыйжалуулугуна инновациялык технологияларды колдонуу жолу менен жетишүү.”

№68  мектеп-гимназиясынын миссиясы 2019-2020-окуу жылында кабыл алынган. “Азыркы коомго ылайык,компетенттүү,билимдин негизине ээ болгон,коомдогу өзгөрүүлөргө активдүү салым кошуучу,демилгелүү,ийгиликке жетүүгө умтулган,адамдык баалуу сапаттардын ээси болгон,маданияттуу,жоопкерчиликтүү,Ата Мекенин  туу туткан өзгөчө инсанды калыптандыруу.№68 мектеп-гимназиясынын окутуунун пландаштырылган  максаттары мектептин бир жылдык иш планынын  негизинде түзүлгөн, ал педагогикалык кеңешмеде талкууланып жана бекитилген.

Коюлган максаттар календардык-тематикалык пландардын негизинде ишке ашырылат.Календардык-тематикалык пландын негизинде күнүмдүк сабактын иштелмелери түзүлгөн.

Ар бир окуу жылына карата тарбия иштерин уюштуруунун максаты коюлат жана ага карата тарбиялык иштердин планы түзүлгөн.Усулдук бирикмелерде аткарылуучу иштердин планы бар.

Мектепте 8 усулдук бирикме иш алып барат:

–          Башталгыч класс

–          Кыргыз  тили жана адабияты

–          Орус тили жана адабияты

–          Чет тилдер

–          Математика,информатика,физика (МИФ) усулдук бирикмеси

–          Химия,биология

–          Тарых,география

–          Маданият.

№68МГда ар бир окуу  жылында предметтик декадалар  жобонун негизинде түзүлгөн график менен өткөрүлүп турат.

Мектеп-гимназиянын ички кѳзѳмѳлү Кыргыз Республикасынын  Билим берүү мыйзамынын жана башка укуктук-нормативдик актыларынын сакталышын, окуу программаларынын, окуу планынын аткарылышын, окуучулардын билим сапатынын абалын, предметтердин окутулуш деңгээлин, тарбиялык иштердин аткарылышын көзөмөл кылат, анализдейт, корректирлөөнү сунуштайт жана окуу-тарбия процессинде пайда болгон көйгөйлөрдү аныктайт.

Ал эми сырткы көзөмөлдө окуучулардын предметтик билим сапаттарын аныктоо үчүн чейрек ичинде тесттер, КББАнан, ШБББнан, УТБнан, билимдерин баалоо ,окутуу усулдары борбору мониторинг борбору ж.б алынган тесттердин жыйынтыктары чыгарылып,   мугалимдерге , ата-энелерге ,окуучуларга жана кызыктар тараптарга маалыматтар, отчеттор берилет.

Мектептин бүтүрүүчүлөрү ЖРТдан мыкты упайларды топтоп, жогорку окуу жайларга өтүүдө жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп келишет. Ал эми шаардык жана республикалык олимпиадаларда, долбоордук иштерди коргоодо  алдыңкы орундарга ээ болушкан .

 

1-тиркеме Мектептин жылдык планы.

2-тиркеме Педагогикалык кеңешменин протоколу.

3-тиркеме Календардык-тематикалык пландар.

4-тиркеме Сабактын иштелмелери.

5-тиркеме Тарбия иштеринин планы.

6-тиркеме Усулдук бирикменин  планы.

7-тиркеме Декада

8-тиркеме Ички жана сырткы көзөмөл 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.2Окутуу – тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу2019-2020- окуу жылында №68-мектеп-гимназия окуу тарбия комплексинде эмгектенген мугалимдердин 80%ы жаңы санарип технологиялардын бир нече түрүн өздөштүрүүгө жетише алышса, 2020-2021-окуу жылына карата 100% га жетти.

1.ZOOM платформасы аркылуу иштөө (окуучулар менен конференция уюштуруу)

2. Google Classroom(тапшырмалардын түрлөрүн түзүү)

3. Coogle forms(тексттерди түзүү, окуучуларга таратуу)

4. Telegram (катталуу, топторду түзүү, тексттерди түзүү, сурамжылоо, жүргүзүүнү үйрөтүү )

5. Мультиурок  сайтында иштөө (маалымат, сайтка катталуу, жеке сайттарды ачуу, онлайн тексттерди түзүү, сабактардын иштелмелерин сайтка жайгаштыруу)

6. Электрондук почта ачуу жана почта менен иштөө (почтанын мүмкүнчүлүктөрү, кат жиберүү, маалымат алмашуу)

7. Quizizz (онлайн тесттерди түзүү, окуучуларга таратуу жана натыйжасын көрүү)

8. 7. Мозаик Эдьюкейшн ( программа  жөнүндө маалымат алуу, каттоодон өтүү, онлайн тесттерди түзүү, 3д видеолорду окуучуларга жиберүү, тапшырмаларды түзүү, жаңы темаларды түшүндүрүү)

Мугалимдер жогорудагы өтүлгөн семинарлардагы технологиялардын бардыгын толугу менен оздөштүрүп, кайтарым байланышта колдоно алышты.

Мектеп ичинде онлайн сабак өтүүгө багытталган семинарлар, вебинарлар өтүлүп, мугалимдер иш тажрыйбаларында колдонушууда.

2021-2022 окуу жылында №68 мектеп-гимназиясында  эмгектенген мугалимдердин 98% ы жаңы санарип технологиялардын бир нече түрүн өздөштүрүүгө жетише алышты.

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында билим берүүнүн жаңы технологиялары киргизилип, эксперимент жүргүзүлүп турат.

2021-2022 окуу жылында да

Окуу керемет! долбоорунун стратегияларыSTEM билим берүүВиртуалдык лабораторияMoza BookИнтерактивдүү панел
  17мугалим25 муг.2 мугалим15 муг.

 

20 мугалим

2021 – 2022 окуу жылында   Moza Book  интерактивдүү билим берүүчү программанын  химия, биология, математика, геометрия, тарых, физика, информатика, предметтери маалыматтык видеолор,  интерактивдүү 3д моделдерин, билим берүүнүн жыйынтыгын текшерүүчү куралдарды кеңири колдонушууда. Андан сырткары виртуалдык лабораторияны колдонуу аркылуу сабактар өтүлүүдө.  Англис тили, математика, химия, биология мугалимдери STEM билим берүүнүн ыкмаларын кенири колдонууну колго алса, башталгыч класстардын мугалимдери ЮСАИДдин “ Окуу керемет” долбоорунун стратегияларын колдонууну жакшы өздөштүрүшүп   шаардын мектептеринин мугалимдерине тажрыйба алмашышууга жетише алышты. Мобилдик телефондордун мүмкүнчүлүктөрүн сабак учурунда колдонуу,  интерактивдүү досканын мүмкүнчүлүктөрүн, электрондук почтанын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири колдонууга жетише алышты.

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме: Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологиялар жана методдор.

2-тиркеме: Окутуунун технологиялары.

3-Аралыктан окутуу.

 

 

 

2.3Окутууну  баалоодо жана корректировкалоо-

до  кайтарым байланыш механизминин болушу

Окутууну баалоодо  жана корректировкалоодо  кайтарым байланыш механизимин ишке ашыруу максатында  окуу жылынын башында өзгөчөлөнгөн  таланттуу окуучулар менен иштөөнүн жылдык планы, жобосу   иштелип чыгып, ошонун негизинде жыл бою методикалык иштер боюнча директордун орун басары  жана  предметтик мугалимдер  иш алып барышат.

Окутуу, тарбия берүү, өнүктүрүүнүн бирдиктүү системасына жана анын негизинде коомдун талабына ылайыктуу түзүлгөн таланттуу окуучунун  модели, өзгѳчѳлѳнгѳн, таланттуу балдар менен аткарылуучу иштердин

формасы иштелип чыккан.

Өзгөчөлөнгөн , таланттуу балдардын :

  • Олимпиадаларга катыштыруу;
  • Алтын тамга жана алтын сертификаттарга даярдоо

·         Илимий-изилдѳѳ иштери (долбоорлор ж.б.)

  • Конкурстарга,фестивалдарга,проектилерге  катышуулары;;
  • Илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу;
  • Чыгармачылык иштерге  катыштыруу;

жана башка иштердин формалары боюнча катышып  ,өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн сынап келишет.Алардын   жетишкендиктери,ийгиликтери  тууралуу  фейсбук,инстаграмм социалдык тармактагы  баракчаларга тиркелип ,

тик ток,  ютуб каналы аркылуу башкаларга маалыматтар берилип турат.

Ошондой  эле ар бир окуу жылынын аягында олимпиаданын , долбоордук иштердин, конкурстардын жыйынтыктары чыгарылып, маалыматтар боюнча  мониторингдер түзүлүп отчеттор берилет. Окутууну баалоодо  жана корректировкалоодо  кайтарым байланыш механизимин ишке ашырууда дагы бир максатта    сабагынан жетишпеген  окуучулар  менен  иштөөнүн  бир жылдык планы  бекитилет.

КР Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын, жалпы билим берүүчү мектептин типтүү жобосунун негизинде педагогикалык коллективдин сабагынан   жетишпеген  окуучулар жана алардын ата – энелери менен иштөө ишмердүүлүгү жөнүндө жобосу иштелип чыккан. 

Ошол пландын негизинде жыл бою сабагынан жетишпеген окуучулар менен окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары ,класс жетекчилер , ата- энелер,соц педагог, психолог тыгыз  байланышта  болуп ,биргелешип иш алып барышат.

Соц педагог ата-энелер , окуучулар менен болгон байланыш жана окуучулардын үйлөрүнө  баруу журналдары менен иш жүргүзөт.

 Сабагынан жетишпеген ар бир окуучуга сабагынан жетишпеген  окуучулар менен иштөө  картасы түзүлөт. Алар менен   ар түрдүү

формадагы  иштерди жүргүзүү  аркылуу;

– сабагын начар өздөштүрүүнүн себептери;

–  жетишкендиктери ;

– биргелешип иштөөнүн негизинде жеткен жыйынтыктары   боюнча окуу жылдын аягында  мониторингдер түзүлүп ,отчеттор  берилип турат.

1-тиркеме  Өзгөчөлөнгөн ,таланттуу

балдар менен иштөө.

 

 

2-тиркеме Илимий-изилдѳѳ иштери

(долбоорлор).

Динозаврларды изилдеген кичинекей палеонтолог

https://youtu.be/jVQeZwBc0zQ

Ринат Советканов дене табын текшерүүчү мамалакты ойлоп тапкан

https://fb.watch/hGvspeatXM/?mibextid=RUbZ1f

Кусанов Баястан Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде “Эң мыкты mobile тиркемеси” номинациясына ээ болду.

https://www.instagram.com/p/ClMIKNINHI0/?igshid=MDJmNzVkMjY=

 

3-тиркеме Илимий-практикалык конференцияларды катышуу.

4-тиркеме Конкурстарга,фестивалдарга,

проектилерге  катышуулары:

Нурболот  Исматиллаев Россиянын  интеллект проектисине катышып келген

https://youtu.be/FuxPZuHQkHY

Советканов Ринат  Vll Эл аралык робототехника фестивалына жалпы 372 команда жана 2000ден ашык катышуучу катышышкан

https://www.instagram.com/p/CkyZ6mHNK82/?igshid=MDJmNzVkMjY=

 

5-тиркеме

Манас эпосунун күнүнө карата республикалык кароо сынакка катышып I орунга ээ болду

“Кытай адабиятын ыр менен тааныйбыз” аттуу конкурска катышып l, ll, lll орундарга ээ болду

https://www.instagram.com/p/Cmp3AY1KqM8/?igshid=MDJmNzVkMjY=

Конкурстук  спектакль“Биринчи мугалим”

https://youtu.be/ykokd2A0nv8

Устат шакирт борбору.Салттуу музыка күнү

https://youtu.be/0EP_hRKBDdo

Устатшакирт 30 жыл

https://youtu.be/18ap-Og7Y4A

 

6-тиркеме Сабагынан жетишпеген  балдар менен иштөө.

 

7- тиркеме Ата-энелер жана окуучулар менен болгон байланыш журналдары.

 

 

 

2.4Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана  ачык айкын болушу № 68-гимназия-мектебинин окуучулардын окуу-тарбия иштериндеги жетишкендиктерин  баалоо системасынын жобосуна ылайык мектептеги окуу процессинин абалын эффективдүү чагылдыруу,окуу-тарбия иштериндеги жетишкендиктерди анализдөө жана анын негизинде окуу-тарбия процессин өнүктүрүү жолго коюлган.Ар бир предметтердин окутулушу стандарттык программага  ылайык ,календардык тематикалык пландын негизинде өтүлөт.Сабактардын сапаттуу берилиши боюнча административдик кенешмеде анализ жүргүзүлөт.Окуучулардын алган билимдери чейректик,жылдык баа аркылуу бааланат.

Мектеп ичинде чейректик баалар,жазуу иштери,тесттердин жыйынтыгы боюнча отчеттор кабыл алынат,мониторинг жүргүзүлүп ,салыштырылат.Окуучулардын жетишүүсү боюнча мугалимдердин педагогикалык,өндүрүштүк кенешмелеринде талкуу жүргүзүлөт.

Предметтик мугалимдердин сабак өтүүсүн баалоодо ар бир усулдук бирикмеде  айлык пландын негизинде ички көзөмөл жүргүзүлөт.

Билим берүү башкармалыгы тарабынан предметтер боюнча билим диагностикалык текшерүүлөр график менен планга коюлуп,учурунда алынып турат.

Окуучулардын билимдери канчалык денгээлде калыптангандыгын билүү жана жыйынтыгында иш чараларды пландоо максатында старттык срездер алынынып турат.

Ички көзөмөл менен гана чектелбестен ,гимназияда сырткы баалоо да системалуу жүргүзүлүп келет.Жалпы республикалык тестирлөөгө,улуттук тестирлөө борборлоруна алдын-ала даярдыктарды жүргүзүү максатында 9-11-класстын окуучуларын толук катыштыруу,ата-энелер менен бирге иштөө калыптанып калган.Окуу жыл ичиндеЖРТга 2-3 жолу тесттен өтүшсө,УТБдан(Улуттук тестирлөө борбру)айлык планда каралган алдын –алуу даярдык тесттеринен жана « Окуучулар үчүн көз карандысыз тесттеринен» да өтүп турушат.

Алынган тестирлөөнүн жыйынтыгы жөнүндөгү маалымат окуучуларга,ата-энелерге да билдирилет.

1-тиркеме. Жалпы билим берүү  уюмдарында жылдык,жарым жылдык,чейректик,күндөлүк коюлган баалардын тартиби жөнүндөгү жобо.

2-тиркеме. Окуу жылдарындагы административдик көзөмөл жүргүзүүнүн графиги.

3-тиркеме.Окуучулардын өздөштүрүүсү билим сапаты көрсөткүчтөрү.

4-тиркеме.Предметтер боюнча ички көзөмөлдөр.

 

5-тиркеме.Тесттик иштердин жыйынтыгы.

6-тиркеме.Старттык срездердин жыйынтыгы

7-тиркеме.БББ тарабынан берилген диагностикалык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы.

8-тиркеме.Улуттук тестирлөө боюнча маалымат.

9-тиркеме.ЖРТ боюнча маалымат.

10-тиркеме.Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору(ЦООМО) тарабынан уюштурулган алдын-ала тестирлөөнүн жыйынтыгы.2022-2023-окуу жылы,декабрь.(10-11-класстар)

  1. 2.4.10. .Билим талдоо,баалоо мониторинг борбору1
  2. 2.4.10.Билимди баалоо мониторинги 2
  3. 2.4.10.Билимди баалоо мониторинги 3

 

11-тиркеме.Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча ата-энелер чогулушунун токтому.

2.4.11.Ата -эне чогулушу боюнча фото отчет

2.4.11. ата-энелер чогулушунун токтому

2.5Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери,жол-жоболору жана жыйынтыктары,ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө  маалымдоо системасынын болушуОкуучулардын билимдерин баалоодо

-чейрек ичинде алынган жазуу иштери,

– билим беруу борбору тарабынан алынган жазуу , тесттик иштер,

-мектептин планы боюнча ички жана тышкы көзөмөл,

-өткөрулүп жаткан жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация.

– декада учурундагы окуучулар арысындагы таймаштар, викториналар

– пландуу ачык сабактар

 

Аппеляциялык

комиссия

Тиркеме № 1. Предметтер боюнча билим сапаты (ички козомол).

Тиркеме №2 БББ тарабынан алынган көзөмөлдүн жыйынтыктары

Тиркеме №3 сырткы баалоонун жыйынтыктары

 

Тиркеме №4 УТБ тарабынан алынган тесттердин жыйынтыктары

Тиркеме №5 Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктардын жыйынтыктары

Тиркеме №6 Чейректик билим сапаттары

(ачык сабактын суроттору)

ПРОГРАММАЛЫК  АККРЕДИТАЦИЯЛОО ПРОГРАММАЛЫК  АККРЕДИТАЦИЯЛОО ПРОГРАММАЛЫК  АККРЕДИТАЦИЯЛОО

Тиркеме № 7 (комиссиянын составы)

 

 

2.6Коопсуз өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо,

билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу.

Окуу жылынын башында бардык мугалимдерге,тех персоналдарга,тарбиячыларга жана окуучуларга өрт коопсуздугу,техникалык коопсуздук эрежелери,жол эрежелери тууралуу инструктаж өткөрүлүп,журналдарга кол коюлат.Оокучуларга “Өрт коопсуздугу”, “Жолдо жүрүү эрежелери” боюнча класстык сааттар өткөрүлүп турат.Мектепте “Жарандык коргонуу” жумалык,профилактика өткөрүлүп турат.. Мектеп залында башталгыч класстардын 1-кабатында атайын   өрт коопсуздугу,жолдо жүрүү жана коопсуздук эрежелери бюнча планшеттер илинген.
Ата-энелер балдарын өздөрү алып келет жана өздөрү алып кетет.Бул боюнча ар бир ата-эне тил кат берет жана үйүнө чейинки маршруттук баракча ар бир окуучунун күндөлүгүндө турат.Мектепте балдардын психологиялык жактан ыңгайлуу жагдай түзүүдө ИДН,психолог,соц педагог,тарбия иштери боюнча директордун орун басары иш алып барат.
Башталгыч класстардын окуучулары үчүн  атайын уюштурулган ысык тамак берилет.
Окуу корпусунда:окуу кабинеттеринде,китепканада,ашканада жана мектеп территориясында бардык санитардык-гигиеналык эрежелер сакталган.Окуу кабинеттерин жарыктандыруу,класстардын жасалгалары,окуу мебелдери,жылуулук температурасы белгиленген нормаларга ылайык келет.Мектеп ашканасындагы инвентарлар,тамак ичүүдө колдонулган идиш-аяктар,тазалык маселелер жолго салынып,милдеттүү талаптарды аткарат.
Окуучулардын коопсуздугу үчүн видео- байкоочу камера орнотулган.Окуучулардын тартип бузуу,бири-бирине үстөмдүк кылуу иштерин алдын-алуу жана көзөмөлдөө үчүн танапис мезгилдеринде күнүмдүк нөөмөтчү мугалимдер жооптуу болушат.
Мектептин ден-соолукту чыңдоочу спорт аянтчасы,спорт залы бар.Мектепте ата-энелер менен биргеликте  окуучуларгы сергек жашоого,спорт менен машыктырууга үйрөтүү максатында “Атам,апам жана мен,болобуз сонун спортсмен”аттуу таймаш өткөрүлөт.Ошондой эле “Дени сак муунду окутуу жана тарбиялоо ”деген темада сабактар өтүлөт.
Мектепте медициналык тейлөөдө 1 кызматкер күн сайын иштейт(саат 9:00-17:00-арасы).Алгачкы медициналык жардам,дары каражаттары мед.пунктан берилет.Окуучулардын  абалы жана окуу бөлмөлөрүнүн  абалы медициналык кызматкер тарабынан көзөмөлдөнүп турат.
Класс жетекчилер  ар убакта окуучулар менен иштөө боюнча семинарларга катышып турушат.
1-тиркеме:Коопсуз эрежелер боюнча окуучулардын таанышуусу.
2-тиркеме:Өрт коопсуздугунан сактануу боюнча каттоо журналы,эмгекти коргоо боюнча инструктаж
3-тиркеме:Өрт коопсуздугунан сактануу жөнүндө жобо
Жолдо жүрүү эрежелери боюнча сабак
https://www.instagram.com/p/CiZiw2nsorX/?igshid=MDM4ZDc5MmU=4-тиркеме:Окуучулардын чыгармачылыгы.
“Жарандык коргонуу” жумалыгы
https://www.instagram.com/p/CjGDjlnMkhn/?igshid=MDM4ZDc5MmU=5-тиркеме:Окуу залындагы планшеттер.
6-тиркеме:Тил кат,маршруттук баракалар.
7-тиркеме:Психологдун иш планы.
8-тиркеме:Окуучулардын тамактануу убагындагы коопсуздугу
9-тиркеме:Окуучулардын коопсуздугу үчун видео-байкоочу камералар.
“Атам,апам жана мен,болобуз сонун спортсмен”аттуу таймаш
https://www.instagram.com/reel/CkBi3fjjE-4/?igshid=MDM4ZDc5MmU=
https://www.instagram.com/reel/CkaIPtFveIe/?igshid=MDM4ZDc5MmU=
10-тиркеме: “Ден соолук” марафонунун жобосу
11-тиркеме: “Дени сак муунду окутуу жана тарбиялоо”сабактар
Дарыгер үчүн негизги мотивация-окуучулардын саламаттыгы
https://www.instagram.com/p/CiytIuNqqXG/?igshid=MDM4ZDc5MmU=
12-тиркеме:Ден соолук боюнча алынган анкеталардын жыйынтыгы.
Мугалимдер семинарда.
https://www.instagram.com/p/ClMTh1ftIZh/?igshid=MDM4ZDc5MmU=
https://www.instagram.com/p/CmPRVY5tYJk/?igshid=MDM4ZDc5MmU= 
2.7Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын  динамикасыБилим берүүнүн жана окуучулардын алып жаткан билимдеринин сапатын аныктоо үчүн ар бир окуу жылында 1-11-класстарында ички көзөмөлдөр аркылуу балоо жүргүзүлөт.

 

 

Мектеп тарабынан берилип жаткан билимдин сапаты сырткы баалоо менен да тастыкталат.

 

 

 

 

1-тиркеме; 1-4-класстар, ички көзөмөл

2-тиркеме; 5-7-класстар, ички көзөмөл

3-тиркеме; 8-11-класстар, ички көзөмөл

4-тиркеме; 1-4-класстар сырткы көзөмөл

5-тиркеме; 5-7-класстар, сырткы көзөмөл

6-тиркеме; 8-11-класстар, сырткы көзөмөл

2.8

 

Кызыкдар тараптардын кайрылууларына

жана азырдарына

таасир этүүнүн

иштелип чыккан

жана ишке киргизилген жол-жоболорунун

болушу

 

Мектепте  көрүнүктүү жерде  “Ишеним почтасы”  орнотулган.”Ишеним почтасы”  мектептин соцпедагогу тарабынан көзөмөлгө  алынып турат.Почтага түшкөн  окуучулардын  арыздары, кайрылуулары, мектеп жетекчилиги менен бирге талкууга  алынып, жыйынтыктар чыгарылып,

чечимдер кабыл алынып турат.

“Ишеним почтасы” жөнүндө жобо иштелип чыккан.

 

Жарандардын, кызыкдар тараптардын

кайрылууларын жана арыздарын регистрациялоо журналы  уюштурулган.

2019-2020-окуу жылы  окуучулардын билимин андан ары

өнүктүрүү  максатында окуучунун окууга болгон кызуугусун арттыруу, өз алдынча   изденүү жөндөмдүүлүктөрүнүн үстүндө

иштөөдө, ата-энелердин өтүнүчү боюнча кошумча билим берүү уюштурулган.

2020-2021-окуу жылында  1-4-класстарда окуучулардын кыргыздын улуттук  аспаптары, ыр-күүлөрүн инструменттерде  ойноо,шыгын, талантын өстүрүүгө багытталган улуттук маданият   программанын негизинде түзүлгөн.

2022-2023-окуу жылына карата кошумча билим беруу  боюнча

1-11-класстар үчүн: жетишпеген окуучулар менен иштөө максатында тандаган  предмети боюнча кошумча билим берүү  уюштурулду.

Кошумча билим берүү жумасына бир жолу өткөрүлөт,  бир жылдык календарлык пландар түзүлдү.

 

1– тиркеме :  “Ишеним почтасы” боюнча жобо:

2- тиркеме :  «Ишеним почтасы” боюнча

Журнал:

3-тиркеме:    Ишеним почтасынын” сүрөтү

4-тиркеме : 2019-2020-окуу жылынын уюштуруу жөнүндө маалымат

5-тиркеме : 2020-2021-окуу жылы үчүн кошумча билим берүү

кызматы боюнча окуу

планы

6-тиркеме:  2022-2023- окуу жылы үчүн  кошумча  билим берүү  кызматы  боюнча  окуу планы.

 

 

                                                                  КАДРДЫК  САЯСАТТЫН    НАТЫЙЖАЛУУЛУГУ
3.1Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин,билим берүү программасына шайкеш келиши.№68 Мектеп гимназияда мугалимдерди кабыл алууда педагоктун адистигине ,квалификациясына жана компотенттүүлүгүнө басым жасоо менен кабыл алынат.Педагоктун кадрдык курамы штаттык расписаниенин негизинде түзүлөт.Баардык мугалимдер адистиги боюнча билим беришет. Мектеп гимназиясынын 2019-2023 жылдардагы кадрлар боюнча жалпы маалымат жургузулду.  1.тиркеме

Штаттык расписание

 

2. тиркеме

Мугалимдердин сандык -сапаттык курамы 2019-2023

3.тиркеме

Жамааттык келишим

4.тиркеме

Педагогикалык жамаааттын билимин үзгүлтүксүз  жогорулатууну уюштуруужонүндө жобо.

5.тиркеме

Пед кадрдын курска баруу графиги.

6.тиркеме

№68 мектеп -гимназиянын  жалпы эмгек жамаатынын ички тартип эрежелери.

 

3.2Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү ,ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону ,анын жыйынтыгы  боюнча  чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол жоболордун болушу 

№68 Мектеп гимназиянын  жалпы территориясына  жана ички коридорлорго класс кабинеттерге  видео  камералары коюлган.  Окуу жылынын биринчи жумасында техникалык -коопсуздук ,санитардык -гигиеналык эрежелери боюнча инструктаж өтүлөт.Ар түрдүу маселелер боюнча  педагогикалык кенеш ,директор алдындагы кеӊеш , тартипти көзөмөлдөө боюнча тарбия завуч сац педагок иштешет.

Окуучулардын социалдык ,үй-бүлөлүк абалы боюнча окуу жылынын башында  класс жетекчиси  тарабынан сабак берген мугалимдерге маалымдалат.

Окуучулар өзүн алып жүрүү боюнча эрежелер менен тааныштырылат.

Окуучулар дын сабактагы жетишкендиктери  тууралуу ата-энелерине кабар берилип турат.

Окуучулардын арасында психолоктун кызматы дайыма көрсөтүлүп  ,аӊгемелешүү ,сурамжылоожана кенеш берилип  турат.

Балдардын коопсуздугун сактоо мектепте биринчи орунга коюлган.

Мектептин соц педагогу жана психологу тарбиялоого  оор   жана социалдык коргоого муктаж балдар менен тыгыз иш алып барышат.

 

 

1.тиркеме

Техникалык коопсуздук эрежелери.

 

2.тиркеме.

“Жаш өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы укук бузууларды,кылмыштуулукту алдын алуу” кызматтары менен иштөө жөнүндө жобо;

 

3.тиркеме

.Психолоктун кызматы

 

4.тиркекме

  1. Психолоктун маалымдамасы,кенеши
  2. 4.1.Психологиялык жумуштун жыйынтыгы

5.тиркеме

Социалдык педагогтун иши

 

 

 

 

 

3.3Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү ,алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо.системасынын болушу.Мектептердин билимин жогорулатуунун перспективдуу планы беш жылга тузулгөн жана пландын негизинде ар бир окуу жылы мугалимдер кесиптик билимин жогорулатуу курстарынан өтушөт.

Оз билимин жогорулатуу максатында мектепте методикалык окуулар. Семинарлар, тренингдер алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу чаралары уюштурулуп турат.

 

№ 68 МГнын мугалимдеринин кесиптик денгээлин жогорулатуунун турлөрунун саны

 

Кесиптик

Жөндөмдуулугун өнуктуруу

2019-20202020-20212021-20222022-2023
Квалификациясын жогорулатуу курстан өткөн

мугалимдердин саны

 

17

 

40

 

53

 

47

 

1.тиркеме

Педагогикалык жамааттын  билимин үзгүлтүксүз жогорулатууну уюштуруу жөнүндө жобо

 

2.тиркеме

Квалификациясын жогорулатуу курстарына баруу графиктери;

 

3.тиркеме

Семинар тренинктердин  фото отчеттору,квалификацияны жогорулатуу тууралуу сертификаттар

  1. мугалимдердин анализ 19-20
  2. мугалимдердин анализ 20-21
  3. мугалимдин анализ 2021-2022

 

 

Жыйынтык: Күчтүү жагы: Мугалимдердин кесиптик чыгармачылыгы,билимин жогорулатуу,инновациялык технологияларды иш тажрыйбага киргизүү жана мотивациялык колдоо жагы жогорку деңгээлде.Педагогикалык жана окутуучу-көмөкчү курамдык квалификациясын жогорулатуунун туруктуу системасы мектептин методикалык кызматы тарабынан узгүлтүксүз камсыздалык турат.

к/№КРИТЕРИЙБилим берүү мекемесинин  (өзүн) анализдөөсү Тастыктоочу база
4.1Билим берүү процессинин катышуучуларына анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга  жеткиликтүү  болгон имараттарынын, жайлардын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары , лабораториялар, компьютердик класстар, спорт залы, актылар залы, медициналык пункт, ашкана) , ошондой эле  жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар жатаканалардын (эгерде болсо) болушу. Окуучулардын билим сапатынын деӊгээлин жогорулатуу

үчүн мектепте окуу тарбия процессин натыйжалуу

уюштурууга карата, педагогикалык коллективдин

ишмердигине шарт түзүлгөн, ресурстар

менен камсыздалган, кабинеттер заманбап учурдун талабына

ылайык  уюштурулган.  Ден – соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн 2 панус орнотулган

Мектеп 3 этаждуу имараттан турат.

Кабинеттердин саны – 62

Физика – 2 Виртуалдык лаборатория менен камсыздалган

Химия – 1 Интернет менен камсыздалган

Биология – 1 Интернет менен камсыздалган

Технология – 3

Информатика – 2 Интернет менен камсыздалган

Спорт зал – 1

Ресурс  кабинети  – 1 Интернет менен камсыздалган

Админстративдик кабинеттер – 7 Интернет менен камсыздалган

Кружок кабинеттери – 5 (салттуу музыка, бий, шахмат, кол өнөрчүлүк)

Медициналык пункт  тиешелүү жабдуулар, дары-дармектер менен  камсыздалган. Окуучуларды шыктандыруу жана окуунун натыйжасына жетишүүсүнө түрткү берүү үчүн тиешелүү адам ресурстарын кызматкерлер:     Мугалимдер:

Класс жетекчилер – 71

Кружок жетекчилери –

Социалдык педагог   – 1

Психолог –  1

Класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу -1

Врач  – 1

Мед.сестра – 1

Стоматолог – 1

ИДН – 1

Мектепте 2 панус бар (тиркемеде көрсөтүлгөн).

 

1 – Тиркеме  №68 МГда ден – соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн 2 паднус орнотулган

2- тиркеме  Экспликация к плану строений 1- этаж

Экспликация к плану строений 2-3 -этаж

3- тиркеме №68 МГнын кабинеттери боюнча  материалдык -техникалык базасы боюнча малымат

4- тиркеме  Табигый илимдер боюнча кабинеттер

5- тиркеме Технология АКТ Ликвидации списанного металического имущества

6- тиркеме Спорт зал

7- тиркеме Кружоктор

8- тиркеме Мед пункт

9- тиркеме Жыйын залы

10- тиркеме Ашкана

11- тиркеме Китеп кана

12 – тиркеме Усулдук кабинет

 

 

 

 

 

 

 

 

4.2

 

Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын  эрежелери)Антитеррордук иш чаралар өткөрүлөт. Мектептин мугалим жана чарбалык иштер боюнча жумушчулары менен мектептин “Эмгекти коргоо” жобосунун негизинде 6 айда бир инструктаж өтүлүп, мугалим каттоо журналына кол коюшат. Техникалык-коопсуздук боюнча инструктаж өткөрүлуп турат.

Жалпы мектептин санитардык-эпидемиологиялык  абалы талапка жооп берет. Ашканада санитардык-эпидемиологиялык  бурч уюштурулган,окуучулардын тамактануусу боюнча журналдар уюштурулган.

Өрт коопсуздугу боюнча эрежелер менен окуу жылынын башында тааныштырылат. Мектепте өрт коопсуздугу боюнча эвакуациялык пландары, шиттер, коопсуздук бурчтары уюштурулган.

Мектептин кызматкерлеринин ишке байланышкан ооруларын төмөндөтүү, иштөө шартын жакшыртуу эмгекти коргоо боюнча проф.союз комитети менен  макулдашылып, иш планы түзүлүп иш жүргүзүлөт.

Мектептин марериалдык базасынын жана мектептин имаратынын, класс кабинеттеринин абалы санитардык нормаларга, туура келет. Өрт чыгып кетүү коркунучунда кошумча чыгуучу эшиктер бар.

Кабинеттерде экологиялык абал  жогорку деңгээлде уюштурулган.Оранжерея 2022-жылы ремонттолуп, жашылдандыруу иштери жүрүп жатат.

1-тиркеме. Антитеррордук иш чаранын актысы

2-тиркеме. Эмгекти коргоо боюнча иш планы 2018-2019

Эмгекти коргоо боюнча иш планы 2021-2022

Эмгекти коргоо боюнча иш планы 2022-2023

3-тиркеме. Ашканадагы санитардык абал

4- тиркеме  окуучулардын ден-соолук өмүрүн сактоо боюнча эрежелер

5-тиркеме Өрт коопсуздугун сактоо боюнча эрежелер

6- тиркеме  План. Өрт коопсуздугун сактоо боюнча

7- тиркеме Буйруктар

Буйруктар

8-тиркеме АКТ. Сан. ЭПИД. ОБСЛЕДОВАНИЕ

9-тиркемеТамактануу боюнча окуучуларды каттоо  журнал

10-тиркеме ӨКБ каттоо журналы

11-тиркеме  Граждандык коргонуу

12-тиркеме Өрт коопсуздугунун планы

13-тиркеме Кооптуу учурда сыртка чыгуу тартиби

14-тиркеме  Өрт К.Э.Э Эв. Схемасы

15-тиркеме Кабинеттердин экологиялык абалы

 

4.3

 

Материалдык-техникалык базаны жана маалымат ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо  механизминин болушуМектептин материалдык  – техникалык базасын анализдөө максатында инвентаризация жүргүзүлүп турат. Мектепте окуу процессин  толук кандуу ишке ашыруу үчүн окуу класстары талапка жооп берет.   Окуучулардын билим сапатынын деӊгээлин жогорулатуу үчүн мектепте окуу тарбия процессин натыйжалуу уюштурууга карата, педагогикалык коллективдин  ишмердигине жайылуу шарт түзүү, ресурстар менен камсыздоо,заманбап учурдун талабына ылайык  келет. Мектептин фасаты оңдолду. Мектептин оранжерея участогу 2022-жылы ремонттолуп,жылуулук киргизилди. Оранжереяны кайрадан жашылдандыруу, гүлдөтүү, топурак жаңыртуу иштери жүргүзүлүүдө.

№68 мектеп-гимназиянын окуучулардын ден соолугун, коопсуздугун сактоо максатында, гимназиянын материалдык базасын өнүктүрүүгө ата-энелер үчүн анткетанын анализи жана мониторинги тиркелген.

4.3.1- тиркеме М.Т.Б Ата энелер үчүн анкета
Жыйынтык: Күчтүү жагы мектептин материалдык базасы камсыздоо жогорку деӊгээлде камсыздалуу менен кызматкерлердин ишмердиги үчүн комфорттуу шарт түзүлгөн.

 

Химия – биология кабинеттерин виртуалдык  лаборатория менен камсыздоо

Оронжереяны заманбап, талапка ылайык жабдылышын камсыздоо