“Кытай адабиятын ыр менен тааныйбыз” – аттуу конкурс
2022-жылы 26-декабрь күнү А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиянын 6-7-8-класстын окуучулары Конфуций институту тарабынан уюштурулган “Кытай адабиятын ыр менен тааныйбыз” – аттуу конкурска катышып 1-2-3-орундарга ээ болуп, сертификат, мактоо баракчалары жана баалуу белектер менен сыйланышты. Баса белгилеп айта кетсек конкурс жаңы окуу жылынын октябрь айында башталып, окуучулардын чыгармачылыгы менен жыйынтыкталды. Бул конкурска жалпы Бишкек шаарынын окуучулары жана студенттер катышышты. Конкурска окуучуларды №68 мектеп-гимназиянын кытай тилинин мугалимдери Баадаева Кундуз, Абдирасул кызы Мейликан жана Жаныбекова Асылкан даярдашкан.
Комментарии