Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин Пленуму
2024-жылы 29-октябрда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин Пленуму болуп өттү.
Пленумга Бишкек шаардык Билим берүү Департаментинин башчысы Мусаева Рахат Ишенбековна, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Билим берүү башкармалыгынын башчысы Шербаева Самара Калмаматовна, Бишкек шаарынын Октябр райондук Билим берүү башкармалыгынын башчысы Байгулов Нурлан Омурбекович ошондой эле Пленумдун мүчөлөрү болушкан Бишкек шаарынын Билим берүү тармагындагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мүдүрлөрү, катардагы мугалимдер, жана баштапкы кесиптик бирлик комитетинин төрага, төрайымдары катышышты.
Күн тартибинде каралган программага ылайык Кыргыз Республикасынын Гимни ырдалып бүткөн соң, учурашуудан кийин, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Т.О.Бараханов 2024-жылга карата Бишкек шаардык комитетинин жасаган иштери боюнча жалпы отчетун берди. Отчетто билим берүү уюмдарындагы укуктук маселелер, эмгекти коргоо жана кырсыктарды эсепке алуу, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын бюджет каражаттарын пайдалануусу, уюштуруу иштери, 2024-жылга карата билим берүү тармагынын кызматкерлери үчүн жайкы эс алууну уюштуруу жана ден соолугун чыңдоонун жыйынтыктары, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдык жардам тууралуу кенен маалымат берилди. Отчеттун соңунда Пленумдун катышуучуларын кызыктырган эмгек акы, жайкы эс алуу, турак-жай, уюштуруу иштери жана башка маселелер боюнча суроолор берилип, суроолорго так жана толук жооп алышты, ошондой эле Пленумдун мүчөлөрү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин жасалган иштери бюнча отчетун бир добуштан канаттандыраарлык деп табышты. Бишкек шаардык Билим берүү Департаментинин башчысы Мусаева Рахат Ишенбековна жана Пленумдун мүчөлөрү сөзгө чыгып, жасалган иштерге оң баа беришип, сунуштарын айтып, ошондой эле Бишкек шаардык комитетинин ишине албан-албан ийгиликтерди каалашты. Пленумдун соңунда Бишкек шаарынын Билим берүү кызматкерлери Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин “Профсоюз кыймылынын мыктысы” төш белгиси; Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ардак грамотасы; Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин Ардак грамотасы жана Ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Комментарии